Turmush — Бүгүн, 15-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарында калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин айтымында, имараттын аянты 614 чарчы метрди түзөт.
«80 унаа токтотуучу жай бар. Имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, калкты тейлөө борбору бардык жабдыктар менен жабдылды. Маалымат кызматы, нотариус, касса, күтүү залы, сүрөт, эне-бала бөлмөсү бар.
Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын тургундары «бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызматтарды ала алышат. Паспорт, нике күбөлүгү, даректүү каттоо, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жарандык алуу жана башка документтерди алуу бир жерден жана жеткиликтүү болот.
Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен калкты тейлөө борборунун айланасы көрктөндүрүлүп, боз үй инсталляциясы жасалып, желек орнотулду», - деди ал.
Иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев катышты.
Ысык-Ата районунда 150 миӊдей киши жашаса, анын ичинен 25 миң адам (расмий каттоо боюнча) Кант шаарында жашайт.
Калкты тейлөө борбору Ленин көчөсүндө жайгашкан (№97 даректе).