Turmush — Бүгүн эле төрөт үйүнөн ак оромолго оролгон ымыркайды үйгө алып келесиз. Эртең ал 1-класска барат. Ал эми кийинки эле күнү дароо университетке тапшыргандай сезилет.
Эгерде баланы жеке менчик бала бакчага же мектепке берерде, жогорку окуу жайга тапшырууга даярданууда же өзүнчө турак жайга жайгаштыруу зарыл болгон учурда, камдалган каражат болбой калса, анда сиз же өзүңүздүн ыңгайлуулугуңузду курмандыкка чалышыңыз керек же андан жаманы баланы мүмкүнчүлүктөрдөн чектеп коюуга туура келет. Ошондуктан балаңыз азыр 2 жашта же 12 жашта болбосун, бул учурга азыртан эле даярдана баштаганыңыз жакшы.
Ошентип үнөмдөй баштаганга убакыт келди. Кандай варианттар бар?
Мисалга алсак акчаны «төшөк астындагы кутуга» топтоо. Жаман идея. Инфляцияга байланыштуу бүгүнкү күндөгү 10 миң сомуңуз 1 эле жылдан кийин сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча 8450 сомго жакын акчаны түзөт. Бул акча 15 жылдан кийин эмнеге айланарын ойлогуң да келбейт. Азыркы сумманын төрттөн бирин түзсө дагы жакшы.
Валютада сактоо. Доллардын же башка чет элдик валютанын курсун алдын ала билүү мүмкүн эмес. Андыктан андай жол менен сактоо кооптуу. Бул бир гана учурда акылга сыярлык, эгерде сиз акчаны Кыргызстандын чегинен тышкары жумшай турган болсоңуз. Мисалы баланы чет өлкөдө окутуу үчүн топтоодо.
Банктык депозит. Депозит – акча топтоо инструменти. Кыргызстанда депозиттердин орточо үстөк пайызы 10-12% түзөт, бул инфляциянын өсүү деңгээлин жаппайт. Анын оң жана терс жактары бар. Бирок баланын келечеги үчүн акча топтоонун мындан да жакшы жолу бар.
Инвестициялар. Инвестициялар банктык депозиттерге караганда пайдалуураак болот. Мисалы leasing.express компаниясында балдар үчүн жылдык 24%га чейин «Келечекке инвестиция» инвестициялык тарифи бар. Жогорку пайыздык ченден башка дагы бир артыкчылыгы leasing.express компаниясында инвестициялар күрөө менен камсыздалат.
leasing.express'тен балага инвестициялык эсепти кантип ачса болот?
Бала каражаттын ээси болушу үчүн келишим дароо баланын атына түзүлөт. Андан тышкары, муну ата-эне гана эмес, башка туугандары да жасай алат. Бул ыкманын өзгөчөлүгү эмнеде? Баары оңой. Эгерде ата-энеге акча керек болуп калса, анда ал камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын макулдугусуз аны ала албайт.
Бул ыкма ата-энелерге, бала үчүн белгилүү бир капитал топтоо максатына жетүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары, жашы жетпегендердин мүлкүнөн ажыратуу процессинде алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууну контролдойт. Мында инвестициялык эсептен каражаттарды бир бөлүгүн алуу жөнүндө сөз болуп жатат. 18 жашка чыккандан кийин, бала эч кандай чектөөсүз инвестициялардын бардык суммасын пайдаланууга укуктуу.
Бала ар дайым баары бир заматта боло калганын каалайт. Бирок жашоо татаалыраак уюштурулган, андыктан инвестициялык эсепти сабырдуу, убагы менен толтуруу, балада сабырдуулукту, өзүн өзү кармай билүүнү жана сарамжалдуулукту өнүктүрүүгө жардам берет, пландаштырууга жана артыкчылыкты кезеги менен коюштурууга үйрөтөт. Андыктан балаңыздын келечегине алдын ала кам көрүңүз.
Бардык суроолор боюнча: +996 (224) 707 044 номери боюнча кайрылыңыз.