Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык мэриясы бир жыл ичинде 6 атайын техника сатып алды.
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевдин айтымында, техникаларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 30 млн 69 миӊ сом каралган.
«Кант шаардык кеӊешинин депутаттарынын колдоосу менен былтыр, 2022-жылдын аягы менен аталган каражат которулган. Бирок, алынган техникалар быйыл келди», - деди ал.
Техникалардын ачкычын тапшыруу иш-чарасы бүгүн, 13-апрелде өтүп, ага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Алмазбек Осмонов катышты.
Техникалар «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырылды.
Ишкананын жумушчуларынын айтымында, түшкө чейин алынып келген техникаларды түштөн кийин жумушка алып чыгышкан. Тактап айтканда, техникалардын жардамы менен арыктарды, каналдарды тазалоо иштери башталды.
«Кант-Тазалык» ишканасына алынган техникалар:
«Мерседес Бенц-516»;
«МАЗ 5902А2-390» жана «МАЗ 5337-А2-346» үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаалар;
«МАЗ 551605-275» үлгүсүндөгү таштанды төгүүчү унаа;
«Hyundai R140W-9S» үлгүсүндөгү экскаватор жана трактордун чиркегичи.
Булардын көпчүлүгү 2022-жылы заводдон чыгарылган.