Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы бир нече көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Күрөңкеев атындагы көчө жараксыз болуп калган. Жолчулар эски асфальт катмарын сыйрып, жаңы асфальт төшөштү. Муну менен бирге жол четине бордюр коюлуп, жол белгилери чийилди. Бул көчөдө 10 жылдан бери капиталдык оӊдоо иштери жүргөн эмес.
Мындан сырткары Островский жана Западный көчөлөрү да асфальтталды. Эми Токтогул, Ворошилов, Гастелло көчөлөрү оңдолот. Оңдоо иштери үчүн тендер жарыяланды.