Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Айыл турмушу: Канттык И.Савченко миң сомдук топуларды түйөт (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарынын тургуну Ирина Савченко 3 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал топу түйүп, миң сомго чейин баалап сатат. Анын эмгектерин Turmush басылмасынын кабарчысы көрүп келди.

«Мен кол өнөрчүлүк менен 3 жылдан бери алектенип келем. Ал эми топу түйгөндү интернет желелеринен өзүм эле көрүп, үйрөнүп алгам. Албетте, шыгың, талантың болсо, бул кол өнөрчүлүк өтө деле оор эмес. Тез эле үйрөнүп кетесиң. Бир топуга көлөмүнө жараша жип кетет. Керектүү буюмдарды базардан сатып алам. Мен түйгөн бир топунун баасы 300 сомдон 1000 сомго чейин бааланат. Албетте, баалары түймөнүн таттаалдыгына жана кеткен чыгымга жараша коёбуз. Азыркы учурда бир айда 4-5 топу түйүп сатам», - деди ал.

И.Савченко Ысык-Ата районундагы Кант шаарында 1984-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул, бир кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1439
Көп окулду
×