Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусу, Кант 05.05.2017 11:01

Айыл турмушу: Ысык-аталык К.Малашева жылдын мыкты мугалими аталды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 41 жаштагы тургуну Клара Малашева мектеп ичинде өткөн «Жыл мугалими-2017» сынагында 1-орунду ээлесе, райондук турдан 2-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«9-класска чейин Казакстанда окудум. 1992-жылы Кыргызстанга келип, Ысык-Ата районунун Жээк айылындагы К.Жакыпова атындагы орто мектепке 10-класска кирип, ал жактан 11-классты толук окуп бүттүм. Мектепти аяктагандан кийин Казакстанга апамдын жанына барып, бир жылдан кийин кайра келдим.

2014-жылы педагогикалык колледжде окуп, мугалим болуп чыктым. 2017-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде орус тили боюнча филология факультетин аяктап, учурда Дмитриевка орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берип, иштеп келем. Быйыл мектептеги мугалимдердин «Жыл мугалими - 2017» сынагында 1-орунду камсыздасам, райондук сынакта 2-орунду алдым. Турмушка 1997-жылы чыгып, 3 кыздын, 1 уулдун апасы болдум. Келечекте мугалимдик кесибимди дагы өркүндөтүп, элге кызмат кылам», - деди ал.

Клара Малашева 1976-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×