Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусу, Кант 07.08.2017 09:31

Жаш талант: 11 жаштагы бийчи А.Янлосан түрк элине өнөрүн тартуулап келди (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 11 жаштагы тургуну Адиля Янлосан 2 жылдын ичинде бий менен көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Ал учурда аталган шаардагы мектеп-гимназияда 6-класста окуйт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул Кант шаарына көчүп келгенибизге 2 жыл болду. Ошол көчүп келген жылы эле Нурзада эженин бий ийримине жазылып койгонбуз. 2 жылдын ичинде көптөгөн майрамдарга, иш-чара жана кароо-сынактарга катыштым. Казакстандын Алмата шаарында болгон бий сынакта 3-орунду алдым. Мындан сырткары, Түркиянын Ялова, Бурса, Стамбул шаарларында да бийлеп, ар кандай иш-чараларга катышып келдим.

Мектепте математика, дене тарбия сабактары жагат. Ошол эле маалда сүрөттү да жакшы тартам», - деди ал.

Бийчи үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×