Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусу, Кант 16.10.2017 13:24

17 жаштагы У.Дарбекова «Кант сулуусу-2017» сынагынын жеңүүчүсү аталды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында «Кант сулуусу-2017» сынагы болуп, анын жеңүүчүсү 17 жаштагы Уулболсун Дарбекова аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган сынактын уюштуруучусу Эдил Кожалиев билдирди.

331829.d2d6e0fc0414fc031be0e703f0b88250

«Биздин шаарда буга чейин сулуулар сынагы болгон эмес. Сынак абдан жакшы ѳтүп, ага 15 жаштан 21 жашка чейинки Кант шаарынын сулуу кыздары катышты. Сынакка катталган 12 кыз улуттук жана кечки салтанаттуу көйнөктөрдү кийип, мода көрсөтүү, ошондой эле талантын ачып берүү тапшырмаларын аткарышты.

Эң ѳзгѳчѳлүгү сынакка кыргыз, орус, азербайджан, корей, түрк улутунун кыздары катышты. Иш-чараны Баястан Ноябидинов жана Диана Мамбетова аттуу таланттуу алып баруучулар алып барышты. Жеңүүчүгө 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылып, башына таажы кийгизилди. Мындан сырткары ар бир катышуучуга сулуулук салондордон белектер берилди. Иш-чараны уюштурууга жалпы 70 миң сом каражат сарпталды», - деди ал.

Сынактын жыйынтыгында «Кант сулуусу-2017» наамын 17 жаштагы Уулболсун Дарбекова жеңип алса, «Келечек сулуусу» наамын Даткайым Бакытбекова, «Ажарлуу айым» наамын Кан Бегимай утуп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×