Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Айыл турмушу: 19 жаштагы Аурика «Кант сулуусу-2017» сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири болду (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 19 жаштагы тургуну Аурика Яниковская «Кант сулуусу-2017» сынагында «Сүрөткө мыкты түшкөн айым» наамын жеңип алды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Кант шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Атам азербайжан улутунан, ал эми апам Молдавиядан болот. Ата-энем жеке ишкерлик менен алектенет. Сулуулар сынагына алгачкы жолу катыштым. Сүйүү темасындагы чыгармаларды окуганды жактырам. Ошондой эле, кавказ элинин бийин бийлеп, спорт менен машыгам.

«Кант сулуусу-2017» сынагына катышканыма абдан кубанычтамын. Ар бир көз ирмемди кубануу менен кабыл алам жана өзүмдүн жашоо образым жагат. Бир аз орусча жана кыргызча сүйлөгөндү билем. Келечекте фото модель кесибин өнүктүргүм келет. Ал эми, мырзалар жөнүндө сөз кылсак, спорт менен машыккан, келишимдүү жигиттер жагат. Ошондой эле, мен үчүн адамдык сапаттар да чоң мааниге ээ. Кыргыз саясатчы мырзалардын ичинен Ө.Бабановду баалайм жана сыйлайм. Президенттик шайлоодо татыктуусуна добушумду бердим», - деди ал.

Учурда А.Яниковская Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2-курста окуп жатат. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2336
Көп окулду
×