Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Жаш талант: Кантта сулуулар сынагында «Жылдыздуу айым» наамын жеңген Б.Кан көп жылдан бери бийлейт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 15 жаштагы тургуну Бегимай Кан «Madness» бий тобунда бийлеп келет. Ал келечекте ашпозчу же модельер болгусу келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Менин апам Таалайкүл Нарын облусунан болот, кыргыздын кызы. Ал эми, атам Кан Алег корей улутунан. Өзүм Кант шаарынын №3 орто мектебинде билим алам. Бош убактымда бийлегенди жактырам. "Madness" бий тобунда 5 кыз бийлейбиз. Бизди Евгения аттуу хореограф үйрѳтѳт. Кудай буюрса, келечекте кѳптѳгѳн бий сынактарына катышабыз деп турабыз.

Жакында эле «Кант сулуусу-2017» сынагына катышып калдым. Ал жактан "Жылдыздуу айым" наамын жеңип алдым. Келечекте ашпозчу же модельер болгум келет», - деди ал.

Бегимай 2002-жылы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1610
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×