Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусу, Кант 19.10.2017 14:27

Жаш талант: «Кант сулуусу» наамынын ээси У.Дарбекова футбол ойноп, бий ийримине катышат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын 15 жаштагы тургуну Уулболсун Дарбекова «Кант сулуусу-2017» сынагынын жеңүүчүсү болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал үй-бүлөдө 10 бир туугандын төртүнчүсү.

«Көп балалуу үй-бүлөдө төрөлдүм. Он бир тууган болсок алардын жетөөсү кыз, үчөө эркектер. Учурда айылдагы Я.Я.Ваккера атындагы орто мектебинде 10-класста окуп жатам. Бош убактымда үй иштерине жардам берип жана китеп окуйм. Ошондой эле, футбол жана волейбол ойноп, бий ийримине катышам.

Чоң энемдин көзү өтүп, менин ийгиликтериме күбө болбой калганына кайгырам. Бирок ата-энем, бир туугандарым жанымда экенине кубанам. Мен аларды жоготуп алуудан корком. Ал эми, "Кант сулуусу-2017" тууралуу айтсам мындай сынакка алгачкы жолу катыштым. Катышканыма абдан кубанып жатам жана сынак жогорку деңгээлде өттү. Келечекте эл керегине жараган коомдук ишмер болгум келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×