Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Айыл турмушу: 28 жаштагы Э.Кожалиев жаштардын коомун негиздеп, эл аралык форумга катышты (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 28 жаштагы тургуну Эдил Кожалиев жаштардын коомдук кыймылын негиздеп, эл аралык форумга катышты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Эдил шаардагы көптөгөн иш-чараларды уюштуруп келет.

«Кичинекей кезимден бери музыкага жана роль аткарууга жакынмын. Мектепте окуп жүргөндө иш-чараларда сөзсүз ырдап же роль жаратчумун. Өспүрүм куракта эле концерттерди, фестивалдарды уюштурууга жардам берчүмүн. Апам чыгармачыл адам болгондуктан мен да чыгармачылыкка жакынмын. Ошондой эле, шаарда түзүлгөн «iNext» жаштар коомдук кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн биримин.

Коомдук кыймылга уюштуруу иштерине кызыккан жөндөмдүү жаштар кабыл алынган. Аталган коом шаардын өнүгүп-өсүүсүнө, жаштарды туура жолго багыттоого көмөк көрсөткөндүгүн сыймыктануу менен айтам. Мындан тышкары, райондун жаштарынын атынан эл аралык «Таза коом» форумуна катышканыма кубанам.

Келечекте Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде иштегим келет. Анткени, республикалык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууну каалайм. Ал эми, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн алгач тынчтык керек. Биздин мамлекет өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирерине ишенем», - деди ал.

Э.Кожалиев үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1642
Көп окулду
×