Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Кантта жеңил унаа бир үй-бүлөнү сүзүп, 7 жаштагы кыз менен аял каза болду

Turmush -  Кант шаарында унаа башкарган айдоочу кечээ, 12-ноябрда бир үй-бүлөнү сүзүп, анын кесепетинен аял киши жана 7 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өмүрүн алган кырсык саат 18:00дөр чамасында Гагарин көчөсүндө катталган. «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгинде кетип бара жаткан үй-бүлөнү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден 1970-жылы туулган Ш.Алена жана Т.Виктория көз жумду. Ал эми, К.Наталья Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Үй-бүлө башчысы жеңил жаракат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
Көп окулду
×