Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусу, Кант 13.11.2017 13:23

Канттагы эки өмүрдү алган жол кырсык: Үй-бүлө мүчөлөрү цирктеги оюнду көрүп, үйүнө бара жатышкан

Turmush -  Кант шаарында унаа кырсыктан каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү цирктеги оюнду көрүп, үйүнө бара жатышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде кетип бара жаткан үй-бүлөнү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден 1970-жылы туулган Ш.Алена (таежеси) жана 2010-жылы туулган Т.Виктория көз жумду. Ал эми, К.Наталья (каза болгон кыздын апасы) Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Үй-бүлө башчысы жеңил жаракат алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Кылмышка шектүү айдоочу катары Ысык-Ата районунун 24 жаштагы тургуну кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Кант шаарында унаа башкарган айдоочу кечээ, 12-ноябрда бир үй-бүлөнү сүзүп, анын кесепетинен аял киши жана 7 жаштагы кыз каза болгондугу маалымдалган. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, адам өмүрүн алган кырсык саат 18:00дөр чамасында Гагарин көчөсүндө катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×