Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Чүй

Айыл турмушу: 67 жаштагы Г.Буйнова 48 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 67 жаштагы тургуну Галина Буйнова 48 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал союз учурунда жолдошунун кызматына байланыштуу жер которуп, жумушун да алмаштырып турган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

WhatsApp Image 2018-01-07 at 11.59.36

Өзүнүн айтымында, жолдошуу СССРдин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде эмгектенген.

«Кант шаарындагы №2 орто мектебинде 8-класска чейин окуп, андан соң ошол эле шаардагы №4 орто мектебинен 10-классты аяктадым. Окууну бүтөр менен Пржевальск педагогикалык институттун филология факультетин окуп бүтүргѳм. 1970-жылы Кант шаарынын №1 орто мектебинде пионер отрядынын жетекчиси болуп эмгек жолумду баштагам. Кийин ушул эле кызмат менен ѳзүмдүн окуп бүткѳн №4 орто мектебинде иштедим. Мындан сырткары Кант шаарындагы райондук комитеттин комсомолунда, партиясында жана Ысык-Ата райондук аткаруу комитетинде эмгектендим. Ал ортодо аскер адамына турмушка чыгып, анын жумушу менен бир жерге толук отурукташпай, ар кайсы жерлерге которулуп жүрдүк.

Талас шаарынын мектебинде мугалим, Талас облусунун билим берүү бѳлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Талас облустук профсоюздар комитетинин катчысы болуп эмгектендим. Андан соң Ысык-Ата районуна кайра кѳчүп келип, райондук профсоюздар комитетинин мугалимдердин жумушу боюнча тѳрайымы болдум. Ушул кызматта 20 жылдай иштедим. Кийин Ивановка №3 орто мектептин директору болуп эмгектендим. Учурда «Нур-Наристе» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенип жатам. Бала бакчанын ѳркүндѳп-ѳсүшүнѳ жана райондогу эң мыкты бала бакча катары бааланганына директорубуз Аида Абдылдаеванын жана жалпы эмгек жамааттын эмгеги зор», - деди ал.

WhatsApp Image 2017-12-24 at 15.39.18 (1)

Галина Буйнова Кант шаарында 1951-жылы тѳрѳлгѳн.

«Жолдошум экөөбүз Кант шаарынан таанышканбыз. Коңшу кѳчѳлѳрдѳ жашачубуз. Ал СССРдин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери болчу. Үч жыл мурун жүрѳк оорусунан каза болду. 3 уулубуз, 2 неберебиз бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1540
Көп окулду
×