Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Канттык Б.Нусубалиева 20дан ашык обондуу ырлардын автору (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 57 жаштагы тургуну Бурулжан Нусубалиева 20дан ашык обондуу ырлардын автору. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин бир ыр жыйнак чыгарган. Учурда «Атамдын куудул кептери» аттуу экинчи китебин жазып жатат.

«Өзүм Жумгал районунун кызымын. Атам санжырачы сөзмөр адам эле. Андан үлгү алып, чыгармачылыгымды баштадым. 12-13 жашымда эле дубал газиттерге ыр жазчумун. Мугалим болуп 30 жыл эмгектендим. Эмгек жолумда «Билим берүүнүн отличниги» наамына ээ болдум. 2016-жылы «Ырларым турмуш сырларым» аттуу биринчи китебим жарыкка чыкты. Ырчылык да өнөрүм бар. 20дан ашык обондуу ырлардын авторумун. Өзүм чыгарган ырларга обон жаратып ырдап келем. Үй-бүлөлүк ансамбль түзүп, кечелерге, сынактарга катышып жүрдүк. Жакында атам Нусубалиев Бектур жөнүндө «Атамдын куудул кептери» аттуу китебим жарык көргөнү жатат. Алдыда максаттарым көп», - деди ал.

Акын-мугалим 4 баланын, 3 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×