Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Чүй

Жаш талант: Канттык Зарина футбол ойноп, Кыргызстандын курама командасына кошулууга даярданууда (фото)

Turmush -  Нурлан кызы Зарина Ысык-Ата районундагы Кант шаарында 2003-жылы туулган. Ал бала кезинен футболго кызыгып, Кыргызстандын курама командасына кошулууну максат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназияда 8-класста окуйм. Футболго кичинекей кезимден бери кызыгам. Спорт – ден соолуктун булагы. Бир топ жыл футболго келе албай жүрүп, акыркы бир жылдан бери активдүү машыга баштадым. Азырынча чет өлкөлөргө чыга элекмин. Бирок кичи футбол мелдештерине катышып жатабыз. Келечекте Кыргызстандын курама тайпасында ойногум келет. Бул жөн гана кыял эмес, бул — менин алдыдагы максатым. Ошол максатыма жетүү үчүн талыкпай эмгектенем.

Футболдон тышкары ырдаганды жана бийлегенди жакшы көрөм. Бирок мен үчүн футбол ар дайым биринчи орунда турат. Бул жашоодо эч нерсеге өкүнбөйм, сүйүнгөнүм — менин ата-энем, командам жана бир туугандарым», - деди ал.

Зарина үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×