Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Чүй облусу, Кант 17.05.2019 13:49

Уурдалган Данилди табуу иш-чарасына катышкан К.Кадыровдун милициядагы жашоосу

Turmush -  Ушул жылдын 11-апрелинде саат 08:40 чамасында Кант шаарындагы 2-кичи райондогу үйүнөн мектепке баруу үчүн чыккан 12 жаштагы Данил Браилкинди ак түстөгү «Хонда Фит» унаасы менен барган белгисиз адамдар алып кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен каттоого алынган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Данилди ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Бишкектин четиндеги гараждан табышкан болчу.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көзөмөл камерадагы видео аркылуу шектүүлөрдүн биринин дарегин аныкташкан. Ал ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалып, көрсөтмө берген. Андан кийин Бишкек шаарынын четинде жайгашкан гаражда экинчи шектүү кармалган. Окуучу бала анын жанында болгон.

Шектүүлөр — 26 жаштагы Ш.Э. менен 32 жаштагы Р.В., экөө тең Ысык-Ата районунун тургундары. Алар өз көрсөтмөлөрүндө баланы анын ата-энесинен акча талап кылуу үчүн уурдап кетишкенин билдиришкен. Андан кийин алар 2 айга камакка алынышкан.

Данил Браилкинди табуу жана шектүүлөрдү колго түшүрүү иш-чараларына Ысык-Ата РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери, милициянын подполковниги Каныбек Кадыров да катышкан. Ал бул факт кызмат учурундагы эң оор окуя болгондугун айтты.

«Жакында эле Ысык-Ата районунун Кант шаарында 6-класстын окуучусун уурдоо боюнча факт катталды. Бул окуя менин кызмат өтө учурумдагы эң оор окуя болду. Өзүңөр билгендей, бул оор кылмыштын бетин биздин кызматкерлер бир күнгө жеткизбей ачышты.

Учурдун балдары башка. Азыр технология өнүккөн заман эмеспи. Мисалы, биз кичинекей кезде чүкө, топ, жашынмак ойноп, китеп окучубуз. Азыркы учурдун балдары интернет менен чоңоюп жатышат. Өз укуктарын билишет. Болор-болбоско тез таарынып, ата-энесин коркутуп, үйүнөн басып кетишет. Мындай көрүнүш биздин убакта болчу эмес. Биз ата-энебиздин маанайын карап, иш кылчубуз. Алардан бир чети корксок, бир чети сыйлачубуз», - деди каарманыбыз.

Каныбек Кадыров 1989-1991-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, Москвага барып келген.

«Андан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин жана ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясын окуп бүтүрдүм. 1994-жылы ИИМдин катарына өттүм. Ошентип талыкпай эмгектенип жүрүп, сержант наамынан баштап подполковник наамына чейин жеттим. Азыркы учурда Ысык-Ата РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кызмат өтөйм.

Кичинекей кезимде милиция кызматкерлерине суктанчумун. Кийин эс тартканда апам милиция кызматын тандоомду сунуштады. Апамдын сунушун туура көрдүм.

Ушул эмгек жолумда бир катар сыйлыктар менен сыйландым. «Азамат-1», «Азамат-2», «Азамат-3» ИИМдин юбилейлик медалдарына, «ИИМдин мыкты кызматкери» төш белгисине жана көптөгөн ардак баракчаларга ээ болдум», - деди ал.

Каныбек Кадыров 1971-жылы 18-июнда Ысык-Ата районунун Ивановка айылында төрөлгөн.

«Атам Кадыров Сабырбек мен 8 жашымда эле көзү өтүп кеткен. Апам Мария Шаршеева 38 жашында атаман айрылып, 6 баланы өзү чоңойткон. Азыр 78 жашка чыгып, 21 небере, 5 чөбөрөлүү болду. Өзүм 3 баланын атасымын.

Ырдаганды жакшы көрөм. Ат оюндарына кызыгам. Ат минип сейилдеп эс алам. Максаттар көп. Эң негизгиси жаш өспүрүмдөрдүн келечеги кең болуп, бактылуу балалыкта өсүшүнө болгон күч-аракетимди жумшайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×