Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Чүй облусу, Кант 20.12.2019 10:27 На русском

Кантта компьютер жарылып, өспүрүм бала ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында компьютер жарылып, өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.

«Бала жууркан жамынып алып компьютер көрүп жаткан экен. Өзү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала. Электр энергиясынын чыӊалуусунан улам жарылып кеткен окшойт», - деп билдиришти жашоочулар.

Бул маалыматты Кант шаардык ооруканасы тастыктап, кечээ, 19-декабрда күйүк жаракаты менен бир өспүрүм бала түшкөнүн, бирок аны Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жөнөтүшкөнүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×