Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-январь
Чүй облусу, Кант 01.01.2020 15:47

Чүйдө Жаӊы жыл түнү 6 мас айдоочу кармалды

Рейд
Рейд

Turmush -  Чүй облусунда 31-декабрдан 1-январга караган түнү чоӊ кырсыктар катталган жок. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол көзөмөлдөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иштешти.

«Чүй облусу боюнча 200дөн ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Жаӊы жыл түнү жолдо оор кырсыктар катталган жок. Жол көзөмөлдөөчүлөр тарабынан мас абалда унаа башкарган 6 айдоочу токтотулган», – деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×