Turmush — Марокконун Марракеш шаарында параатлетчилер арасында өткөн дүйнөлүк гран-приде кыргызстандык спортчулар алдыңкы орундарды алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кант шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасынын атынан Кант шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 2 параспортчусу катышкан.
Мелдештин жыйынтыгында Адилет Камчыбеков диск жана ядро ыргытуу боюнча 1-орунду ээлеген. Ал эми Адина Самыйбек кызы диск ыргытуу боюнча 3-орунду ээлеген.
- Спорттук иш-чарага 59 өлкөдөн 600дөн ашык спортчу катышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.