Turmush — Чүй облусуна караштуу Кант шаарынын Марковский көчөсүнүн (Люксембург) 600 метр аралыктагы жолуна асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев билдирди.
Анын айтымында, бул көчө аркылуу коомдук транспорт жүргүзүлүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.
«Люксембургдагы Марковский көчөсүнөн башка Фучик көчөсүнүн 350 метр аралыктагы жолун асфальттайбыз. Былтыр жасалып башталган. Андан соң Совет көчөсү жарым-жартылай асфальтталат. Калган көчөлөрдүн аң-чөнөктөрү жасалат.
Марковский көчөсү мурда асфальтталган. Бирок эскилиги жетип, талкаланып калган. Административдик-аймактык реформанын негизинде Люксембург айыл аймагы Кант шаарына кошулган. Учурда шаардын инфраструктурасын оңдоо, жаңы кошулган аймакта коомдук унааларды жүргүзүү, шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аракеттери ишке ашырылууда», - деди ал.
-------------------------------
2024-жылдын март айында Кант облустук маанидеги шаар макамына ээ болгон.
Кант шаарына облустук макам берүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кант шаарынын курамына Люксембург айыл аймагы кирген. Буга чейин бул айыл аймак Киргшелк жана Люксембург айылдарынан турчу. Анда 7 миң 680 адам жашачу. Ал эми Кант шаарында 23 миң 249 адам жашачу.
Облустук маанидеги шаар макамын алган Кантта учурда 31 734 киши жашайт. Этностук өкүлчүлүк: 95,9% кыргыз, 4,1% башка улуттар.
Кант шаарында 7 мектеп, 7 бала бакча, 3 оорукана (ФАП) бар.