Turmush — Чүй облусунун Кант шаарында таштандылар кайра иштетилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу, кийин экинчи зат катары пайдалануу, ошондой эле тегиздөө жана рекультивациялоо үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоо линиясын ишке киргизүү жөнүндө» меморандумга кол коюлду.
Меморандумга кол коюу иш-чарасына КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин, «Таза Био Сервис» ЖЧКсынын директору Марат Жаанбаев, Кант шаардык кеңешинин депутаттары жана башкалар катышты.
Долбоордун биринчи этабына 10 миллион сом инвестиция салынды. Келечекте долбоорду толук ишке ашыруу үчүн кошумча 90 миллион сом тартылып, инвестициянын жалпы көлөмү 100 миллион сомду түзөт.
Кант шаарынын мэриясынын балансында турган 11,2 га полигондо ишке ашырыла турган «Сары-Өзөн» экотехнопаркы» долбоорунун негизинде келечекте күйүүчү май заводу курулат. Бул 100 адамды жумуш менен камсыз кылат.