Turmush — Чүй облусунун Кант шаарында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Жеңиш» паркында өткөн иш-чарада балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулду. Шаардын мэри Улан Майлибашев бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады. Балдарга бал муздак жана суусундуктар таратылды.
Ошондой эле А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө балдарга арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ысык-Ата районунан 185 бала катышып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдү жана алардын ата-энелерин президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктүү өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Нурбек Сагынбаев, кайымдуулук фондунун негиздөөчүсү Руслан Асанбаев куттуктап, белек тапшырышты.
Катышуучуларга маданият кызматкерлери тарабынан майрамдык концерт тартууланды.