Turmush — Ош облусунун Араван районундагы каналдардын биринен дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, ал бир нече күндөн бери дайынсыз болуп, жакындары тарабынан изделип жаткан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 18-апрель күнү Араван РИИБге 1965-жылы туулган М.А. аттуу жаран жолдошу — 1961-жылы туулган М.М. 2026-жылдын 16-апрелинде үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Жүргүзүгөн иш-аракеттердин натыйжасында ушул эле күнү дайынсыз болуп жаткан М.М.нын жансыз денеси Араван районунун С.Юсупова айыл аймагындагы каналдан табылган.
«Окуя боюнча күбөлөр суралып, маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Топтолгон матрериалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык мыйзамдуу чечим кабыл алынат», - деп айтылат маалыматта.