Turmush — Кыргызстан боюнча өтүп жаткан салттуу музыка жумалыгынын алкагында Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин окуучуларынын чыгармачылык кечеги уюштурулду. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Райла Изамбаева билдирди.
Анын айтымында, саамалык ачык асман алдында өттү. Анда жаш комузчулар бир катар күүлөрдү, чыгармаларды аткарышты.
Салттуу музыка жумалыгы 20-апрелден 25-апрелге чейин өтөт.